akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-17-07, 11:40

    Ошто ипотекалык 8 турак жайдын курулушуна капсула салынды

    Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жаңы "Асман резиденс №1 Ош" турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

    Белгиленгендей, жалпы аянты 1,3 гектарды ээлеген жерге 12 кабаттан турган 8 үй курулат. Батирлердин жалпы саны 528. Курулуш мөөнөтү – 1,5 жыл.

    Турак жай комплексинде долбоорго ылайык, спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлары жана соода дүкөндөрү болот.

    Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер турак жай программасынын катышуучуларына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга кезек менен 4 жана 8 пайыздан жарандарга 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

     


    Тектеш материалды окуу