Жарыяланган
2025-22-04, 20:27Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Шайлдабекова Кыргызстандын Австриядагы элчиси, ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, БШКны 2016-жылдан бери жетектеп келе жаткан Нуржан Шайлдабекова быйыл 10-февралда кызматтан кеткен. Төрага болуп мурда орун басар кызматын аркалап келе жаткан Тынчтык Шайназаров шайланган.