akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-23-04, 10:23

    Пенсиялык топтомо фонддон кимдер жана кайсы учурда акчасын ала алат?

    Социалдык фонд жарандар пенсиялык топтомо фондундагы каражаттарын кайсы учурда ала аларын эске салды. 

    Соцфонддун маалыматы боюнча, мамлекеттик пенсиялык топтомо фонд 2010-жылы киргизилген. Пенсиялык фондго деп кармалып жаткан 10% эмгек акынын 2%ы топтомо фондго түшөт. Бирок 1964-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн аялдар бул топтомо фондго акча төлөшпөйт. Алар 2012-жылдан баштап бул фондго катышпай калышкан. 

    Топтомо фондунда акчалары бар жарандар аны бир нече учурда ала алат:

    1. Жаран жаш курагы келип (аялдар 58, эркектер 63 жаш), пенсияга чыкканда Топтомо фондундагы акчалары берилет.

    2. Чет жакка дайыма жашаганы кеткен жаткандар. 

    3. Жаран каза болсо, анын Топтомо фондундагы акчаны мураскорлору ала алат. 

    4. Аскер кызматкерлери жалпы пенсиялык куракка (63 жашка) жеткенде, Топтомо фондунда каражаты болсо, акчасын алып кете алат. Мыйзам боюнча аскер кызматкерлери кызмат өтөп жатканда камыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөйт, ошондуктан Топтомо фонддо акчасы болбойт. Бирок аскер кызматкери мурда-кийин жарандык чөйрөдө иштеп, Соцфондго акча которгон болсо, Топтомо фонддо каражат топтолот. 

    5. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алган, үлүштүк негизде турак жай курулушуна катышкан же үйдү бөлүп төлөө менен алып жаткан жарандар, акча төлөөгө ала алат.

    6. Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдарга берилет. Акча үч ай төлөнөт. 

    7. Оор дартка чалдыккан жарандарга берилет. Оорулардын тизмеси


    Тектеш материалды окуу