akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-09-04, 08:45

    «Чек талап кылып-байге утуп ал!» лотореясы дагы ойнотулат

    Министрлер кабинети кайрадан жарандарды контролдук-кассалык чектерди талап кылууга үндөө боюнча акция өткөрөт. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталына жарыяланды. 

    Маалыматка ылайык, бул ирет жеңүүчүлөр өз убагында алып кетпегендиктен жокко чыгарылган байгелер ойнотулат. Ошондой эле, "Чек талап кылып – байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын жыйынтыгында жокко чыгарылган утуштар ойнотулат. 

    "Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматына аталган акцияны өткөрүүнүн тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү талабы коюлду", - деп айтылат маалыматта.