akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-08, 11:21

    Орто-Сай базарынын соодагерлерине ККМ аппараттары акысыз берилди

    1-июлдан тарта патенттин негизиндеги салыктын түрү жоюлган, ошондуктан Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. 

    Маалыматка ылайык, соодагерлердин кассалык чектердин берилишин көзөмөлдөө максатында Октябрь администрациясы райондук салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте базарды текшерди.

    Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкерлерге товарды сатууда сатып алуучунун талабына карабастан кассалык квитанция милдеттүү түрдө бериле тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

    Ошону менен бирге, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, салыктын ставкалары жылдык кирешелерден 15 млн сомго чейин 0%, 30 миллион сомго чейин 0,5 пайыз жана 50 млн сомго чейин 1 пайызды түзөт.