Жарыяланган
2024-27-06, 05:15Кыргызстанда катталган кассалык аппараттардын саны 100 миң 32 даанага жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы үч жылда катталган кассалык аппараттардын саны 82,6 миң даанага көбөйгөн. 2021-жылы алардын саны 17,4 миңден ашса, 2022-жылы 36 миңге жетип, 2023-жылы 65,4 миң бирдикти түзгөн.
“Бул олуттуу өсүш ишкерлер арасында кеңири масштабдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мамлекет тарабынан контролдук-кассалык машиналарды бекер берүү, ошондой эле салыктык жеңилдиктерди киргизүү менен түшүндүрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, калкка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чекене сатуу менен алектенген салык төлөөчүлөр Министрлер кабинети бекиткен иштин түрлөрүн кошпогондо, контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү.