akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-16-10, 14:40

    Чүйдөгү кант кызылчасын кабыл алуу пункттары күчөтүлгөн тартипке өтөт

    Канттагы кант кызылчасын кабыл алуу пункттары күчөтүлгөн тартипке өтөт.

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйыл Чүй облусундагы дыйкан-фермерлер жаңы заманбап технологияны колдонуу менен мол түшүм алышкан. Алсак, бүгүнкү күнгө карата 6 миң га аянтта кант кызылчасы жыйналып, жалпы дүң түшүм 366 миң тоннаны түздү.

    Учурда кант кызылчасын кабыл алуу пункттарындагы унаалардын кезегин жоюу максатында Айыл чарба министрлиги, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, күч түзүмдөрүнөн турган кызматкерлери биргеликте төмөнкү иш-чараларды уюштуруу сунушталды:

    • бардык кант кызылчасын кабыл алуу пункттары күчөтүлгөн тартипке өткөрүлүп, кант кызылчасын кабыл алуу эртең мененки саат 08:00дөн кечки 22:00гө чейин эки саатка узартылып, дем алышсыз иштөө тартибине өткөрүү;

    • Кант кызылчасынын түшүмүн кыска мөөнөттө кабыл алууну камсыздоого багытталган график иштеп чыгуу;

    • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жол" мамлекеттик ишканасына тез арада кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынан кант кызычасын ташууга кошумча вагон бөлүп берүү.


    Тектеш материалды окуу