akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Акчабар

    Жарыяланган

    2024-31-05, 09:13

    Бизнеске жеңилдетилген насыя алгандардын дээрлик 58% аялдар

    “Чакан жана орто бизнести өзгөчө колдоо” долбоорунун алкагында 9 миң 715 бенефициар 6 млрд 671 млн 898 миң 917 сомго каржыланды. Бул тууралуу бүгүн аялдардын экономикага катышуусуна арналган иш-чаранын жүрүшүндө Финансы министрлигинин кредиттик линияларды башкаруу департаментинин директору Бермет Мусакожоева билдирди.

    Ал белгилегендей, бардык бенефициарлардын 57,7%ы же 5,6 миңи аялдар.

    “Ишкер аялдар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат, муну өнүктүрүү керек. Биздин максат - долбоордун алкагында 4,4 миң ишкер айымды долбоорго катыштыруу”, - деди ал.

     


    Тектеш материалды окуу