akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-18-09, 09:48

    «Дос-Кредобанк» облигациялар боюнча кирешени төлөдү

    "Дос-Кредобанк" ачык акционердик коому облигациялар боюнча кирешени төлөө аяктагандыгын жарыялады.

    Киреше алууга укуктуу 60 облигация кармоочунун ичинен 54ү жалпы суммасы 3,2 миллион сомдук төлөмдөрдү алышкан. Бул чыгарылыш боюнча чегерилген кирешенин жалпы суммасы 3,4 миллион сомду тузду.

    203,4 миң сом аласасы бар 6 облигация ээси кирешесин ала элек. Бул инвесторлордун керектүү билдирүүлөрүнүн жоктугуна байланыштуу.

    Киреше төлөнбөй калган облигациялардын жалпы саны 5 миң 86 даананы түзөт.


    Тектеш материалды окуу