akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-14-05, 05:15

    Эки акча алмаштыруу жайынын иши убактылуу токтотулду

    Улуттук банк эки акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, Бишкекте жайгашкан “ДИМАЙК” жана Чүй облусунда жайгашкан “Кайрат финанс” акча алмашуу бюролорунун иши токтотулду. 

    Акча алмаштыруу жайлары Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн 14-майдан 28-майга чейин (28-май кошо) ишин токтотту.