akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-07-06, 09:30

    «Люксор Финанс» акча алмаштыруу жайынын лицензиясы токтотулду

    Улуттук банк Бишкектеги акча алмаштыруу жайдын биринин лицензиясын чакыртып алды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

    Белгиленгендей, аталган бюро өлкө мыйзамын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган. Лицензияда каралбаган операцияларды жүргүзгөн. 

    Атап айтканда, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146-үй дареги боюнча жайгашкан “Люксор Финанс” алмашуу бюросу ишмердүүлүк укугунан айрылды.