Жарыяланган
2024-11-10, 10:062024-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 952 миллиард сомго жакынды түзүп, 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,4%га өстү. Бул тууралуу бүгүн Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди.
Тогуз айда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 394 миллиард сомго жакынды түздү жана 4,2 пайызга көбөйдү, ал тазаланган мунай продуктуларын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишмердигин (32,5 пайызга), тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдары (22,6 пайызга), текстиль өндүрүшүндө, тигүү өндүрүшүндө (13,2 пайызга), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарында (8,8 пайызга), ошондой эле фармацевтика продукциясында (5,9 пайызга) өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен өстү.
"Курулушта оң тенденциялар байкалды, анын көлөмүнүн өсүшү 36,9%ды, дүң жана чекене соодада 16,6%ды, ошондой эле айыл чарбасында 6,7%ды түздү", - деди Керималиева.