akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-22-02, 10:05

    Экономика министри KOICAнын жаңы директору менен жолукту

    Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандагы KOICA кеңсесинин директору жаңы директору Лим Суён менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 

    Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилери талкууланды. 

    Министр Түштүк Кореяга узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөштүгү жана мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу түрдүү тармактарда Кыргызстанга жигердүү колдоо көрсөтүп жаткан KOICAнын өзгөчө ролу үчүн терең ыраазычылык билдирди. 

    Соңунда тараптар пландаштырылган демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышына жана кызматташтыктын чыңдалышына ишенимин билдиришти.