Жарыяланган
2023-10-11, 06:12Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Бишкек мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына керектүү медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн кайтарымсыз 270 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары Корея элчилиги Бишкек мэриясына техникалык жабдууларды тапшырды.