Жарыяланган
2023-02-08, 05:20Ушул жылдын жети айында Кепилдик фондунун камсыздоосунун аркасында ишканалар банктардан 4,3 миллиард сомдон ашык кредит алышкан. Бул тууралуу аталган фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Көрсөтүлгөн сумманы банктардан алуу үчүн фонд 1,7 млрд сомго 3 миң 67 кепилдик берген.
Кепилдик фондунун приоритеттүү багыттары айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай жана туризм бойдон калууда. Бул багыттар Фонд тарабынан берилген кредиттик ресурстарды пайдалануунун эң жогорку натыйжалуулугун көрсөткөн.