akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-11-07, 08:09

    Кепилдик фонд бизнеске 4 млрд сомдон ашык каражат алууга жардам берди

    Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча "Кепилдик фонду" ААК ишкерлерге 4 миллиард 62 миллион сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылды. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

    Финансылык колдоо өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган.

    Фонддун ишмердүүлүгүндө айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактарга өзгөчө көңүл бурулат. Аларды өнүктүрүүгө 2 миллиард 261 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн, бул кепилдик колдоо менен камсыздалган кредиттик каражаттардын жалпы көлөмүнүн 55%дан ашыгын түзөт.

    Калган кредиттик ресурстар – 1 миллиард 81 миллион сом курулушту, туризмди, сооданы, транспортту жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган.


    Тектеш материалды окуу