akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-09-08, 05:13

    Кепилдик фонду аркылуу жети кыргызстандык үйлүү болду

    2024-жылдын июль айында Кыргызстандын жети жараны Кепилдик фондунун колдоосу менен баштапкы төлөмсүз үйлүү болду. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

    Жети кыймылсыз мүлктү сатып алууга берилген ипотекалык насыянын жалпы суммасы 21 миллион 227 миң сомду түзсө, фонд тарабынан 2 миллион 468 миң сом кепилдик берилген.

    Талас, Нарын жана Чүй облустарынын тургундарына ипотекалык кепилдиктер берилди. Талас облусунда 530 миң сомдук кепилдик менен 5 млн 120 миң сомго эки кыймылсыз мүлк сатылып алынган. Нарын облусунда эки жаран 673,6 миң сомдук колдоо менен 6 млн 328 миң сомдук турак жай сатып алса, Чүй облусунда үч тургун 1 млн 264 миң сомдук кепилдик менен дээрлик 9 млн 800 миң сомдук кыймылсыз мүлккө ээ болушту. 

    Кепилдик фонду менен келишим түзүлгөндөн бери республиканын 132 жашоочусу ипотека менен турак жайды баштапкы төлөмсүз сатып ала алышты.

     


    Тектеш материалды окуу