Жарыяланган
2025-21-01, 16:40Чүй облусунун Кемин районунда күн электр станциясынын курулушу башталды. Курулушка капсуланы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салды.
Кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясы жылына 155 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу менен көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат деп күтүлүүдө. Ишкананы курууда 500гө жакын жумуш орду түзүлөт.