akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-04-09, 11:18

    Салык кызматы 187,7 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

    Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-август айларында 187 млрд 718,5 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 7 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, төлөмдөр 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,7 млрд сомго көп жыйналган. Чогулган сумманын 138 млрд 926,6 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, ал эми 48 млрд 792 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

    Салыктар жана төлөмдөр пландан 586 млн сомго ашык же 2023-жылдын 8 айына караганда 22,3 млрд сомго көп жыйналды.

    Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 6 млрд 327 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-август айларында чогултулган суммадан 7,3 млрд сомго көп.
     


    Тектеш материалды окуу