akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-03-09, 09:24

    Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө боюнча орточо эмгек акынын өлчөмдөрү бекитилди

    Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын аймактары жана шаарлары боюнча киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын (ОАЭ) өлчөмүн бекитти.  

    Эске салсак, Министрлер кабинетинин 23-августтагы токтому менен киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн ОАЭни аныктоонун жаңы тартиби бекитилген.  

    Ушуга байланыштуу Улуттук статистика комитети тарабынан төмөнкүлөр аныкталган жана берилген: 

    – Республикадагы райондор жана шаарлар боюнча ОАЭ; 

    – ОАЭнин деңгээли жалпысынан республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 пайызга жогору болгон ишканаларды эсепке албаганда ОАЭнин өлчөмү. 

    Салык төлөөчүлөр ОАЭ боюнча маалымат менен sti.gov.kg сайтынан "Билим базасындагы" "Пайдалуу маалымат" бөлүмүнөн, же бул шилтеме аркылуу тааныша алышат.  

    Белгилеп кетсек, экинчи графада көрсөтүлгөн ОАЭ киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн төмөнкү субъекттер тарабынан колдонулат: 

    – мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар; 

    – жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен казуу ишканалары; 

    – электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылууну (жабдуу) боюнча ишке ашырган уюмдар; 

    – алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону ишке ашырган ишкердик субъекттери, буга Кыргызстанда лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү өлкө мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жай көлөмүндө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү); 

    – уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер; 

    – интернет-провайдерлер; 

    – коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер; 

    – Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын аймактарында катталган төлөөчүлөр; 

    – тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жактар; 

    – жогорку технологиялар паркы (ЖТП), креативдүү индустриялар паркы (КИП); 

    – камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр (ижарага берүүчүлөр, стажын калыбына келтирүү, ыктыярдуу төлөө). 

    Ошондой эле үчүнчү графада көрсөтүлгөн ОАЭ киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн төмөнкү субъекттер тарабынан колдонулат: 

    – ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар, турак жай менчик ээлеринин шериктиги (ТМЭШ), диний уюмдар, саясий партиялар, кесиптик бирликтер (Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын аймактарында катталган төлөөчүлөрдү кошпогондо); 

    – юридикалык жакка кирбеген дыйкан фермердик чарбалар жана жер үлүшүнө ээ болгон жеке жактар, өз жерлерин ижарага берген айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү; 

    – мыйзамда камсыздандыруу полисин сатып алуу каралган жеке ишкерлер жана алардын жалданма кызматкерлери; 

    – камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөөчү дыйкан фермердик чарбалар.


    Тектеш материалды окуу