akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-08, 09:15

    Ишкерлер кепилдик колдоо аркылуу 2,2 млрд сомдон ашык насыя алышты

    2024-жылдын алты айында ишкерлерге кепилдик колдоо аркылуу өнөктөш банктар 2 млрд 237 млн сомдон ашык насыя беришкен. Бул тууралуу “Кепилдик фонду” билдирди. 

    Жарым жылда өлкө боюнча 1610 ишкер “Кепилдик фонд” ААКсынын кепилдигин пайдаланган.
    Бул мезгилде берилген кепилдиктердин жалпы санынын дээрлик 89% өлкөнүн аймактарында 901 млн сомдон ашык суммада ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

    Алсак, Жалал-Абад облусунун ишкерлерине 125 млн сомдон ашык суммага 362ден ашык кепилдиктер берилген, ошондой эле;

    • Ош облусунун жана Ош шаарындагы ишканаларга 246 млн сомго жакын суммага 261 кепилдик,
    • Чүй облусунун ишкерлерине 167 млн сомдон ашык суммага 248 кепилдик,
    • Ысык-Көл облусуна 79 млн сомдон ашык суммага 157 кепилдик,
    • Баткен облусуна 62 млн сомдон ашык 139 кепилдик,
    • Талас облусуна 173 млн сомдон ашык суммага 157 кепилдик жөнөтүлгөн жана 104 кепилдик,
    • Нарын облусуна 48 млн кепилдик берилген. 

    Кепилдик берүүнүн артыкчылыктуу багыттары айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүш, ипотека жана туризм индустриясы бойдон калууда.

     


    Тектеш материалды окуу