akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-23-09, 12:52

    Ысык-Көлдө 45 миң тургун ичүүчү суу менен камсыз болот

    Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

    Учурда "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 45 миң тургуну таза суу менен камсыздоо боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Натыйжада Кызыл-Суу, Кажы-Сай жана Бөкөнбаев айылдарынын калкы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот.

    Долбоор Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы 31 айылды камтыйт. Аны Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү сууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. 


    Тектеш материалды окуу