Жарыяланган
2025-29-04, 13:15Жалал-Абаддын Сузак районунда Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан эл аралык темир жолундагы тоннелдердин биринин курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кытай жана Өзбекстандын элчиликтеринин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан.
Курулуш иштери башталган бул тоннелдин жалпы узундугу 12 чакырымды түзөт. Ал Сузак районунан башталып Тогуз-Торо районунан бүтөт. Алдыда узундугу ушундай эле болгон дагы 2 ири тоннель салынат. Алардин бири Нарын, экинчиси Жалал-Абад облусунда курулат.
Аталган темир жолдун жалпы узундугу 486 чакырым болсо, анын 300 чакырымдан ашыгы Кыргызстан аркылуу өтөт.
Курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт. Темир жолдун курулушуна 20 миңден ашык адам тартылат.