Жарыяланган
2025-25-04, 15:15Ысык-Ата жаракасына жакын жердеги көп кабат үйлөр Бишкектин башка бөлүгүндө салынган турак жайларга караганда бекем салынат. Бул тууралуу PARTNER курулуш компаниялар тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири Рафгат Хантимеров билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Ата жаракакасы Советтер Союзу учурунда техникалык жактан сүрөттөлүп жазылган. Бүгүнкү күнү ошол учурдагы нормалар колдонулуп келет. Бирок жараканын таасир эте турган зоналарынын аймагы кичирейтилген.
"Таасир этүү аймагы деп эсептелген айрым жерлерге 4 кабаттан ашык салганга болбойт. Мамлекет ал жерде 4 кабат үйдүн темир-бетон каркасын 16 кабат үйдүкүндөй кылууну талап кылат, өтө көп арматура кетет", - дейт ал.
Хантимеров билдиргендей, арматура көп колдонулган жанагыдай үй жер титирегенде, эгер кулай турган болсо, бүтүн бойдон бир капталга эле оодарылып калышы мүмкүн.
Анын айтымында, Ысык-Ата жаракасына жакын жана шаардын башка жеринде салынган үйлөргө коюлган талаптар эки башка болот. Жаракага жакын турган үйлөргө талаптар катуурак болуп, бекемирээк курулат. Темир-бетон 20-25%га көп колдонулат. Бул Сейсмология институтунун жана мамлекеттик экспертизанын талабы болуп саналат.
Ысык-Ата жаракасы Токмок шаарынан башталып Сосновкага чейин созулат. Ал Бишкектин түштүк тарабы аркылуу өтөт. Анын узундугу 150 чакырым, тереңдиги 20 чакырымга чейин жетет.