akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-15-08, 08:39

    Кыргыз-кытай чек ара пункттарынан өтүүчү унаалардын саны көбөйтүлөт

    Кыргыз бажычылары “Торугарт-унаажолу” жана “Эркечтам-унаажолу” чек ара бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн суткасына 1000 унаага чейин көбөйтүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу Бажы кызматынын бажы процесстерине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы инспектору Талант Багдатов билдирди.

    Анын айтымында, азыр бул пункттардын ар биринин долбоордук кубаттуулугу суткасына 160 унааны түзөт.

    Бажы өкүлү өткөрүүлөрдүн санын жогорулатуу максатында "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы 2,5 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтилип, "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункттары модернизацияланарын билдирди.

    Ошондой эле,  "Санарип тамга" мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн электрондук системасы эки чек ара пунктунда киргизилген.