akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-07, 07:07

    Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өткөрүү бекети жаңыланат

    "China Telecom Global Limited" менен "Кыргызтелеком" "Эркечтам" өткөрмө бекетин жаңылоону макулдашты.  

    “Кыргызтелеком” менен "China Telecom Global Limited" Кыргызстандын Кытай менен чектешкен “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктунун коммуникация инфраструктурасын модернизациялоо боюнча кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. 

    Алар маалымат берүүнүн резервдик каналын түзүү үчүн чек ара бекетине жаңы байланыш жабдууларын орнотууну пландаштырууда.

    Ошол эле учурда Орусия, Казакстан жана Кыргызстанды байланыштырган негизги интернет каналы кадимки режимде иштей берет.