Жарыяланган
2024-27-09, 16:57Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматы билдиргендей, 1-октябрдан 3-октябрга чейин “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттери ишин токтотот.
Мунун себеби “Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн” майрамдоого байланыштуу.
Аталган пункттар аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 4-октябрдан тарта жанданат.