akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-17-09, 08:40

    Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

    Бүгүн кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды. 

    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы кабарлагандай, "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери Кытайдын демилгеси менен ал жакта "Күздүн ортосун белгилөө" майрамына байланыштуу жабык болот. 

    Аталган пункттар аркылуу адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү эртең, 18-сентябрда жанданат.


    Тектеш материалды окуу