akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-10-09, 16:43

    Кыргыз-кытай инвестициялык фонду түзүлөт

    "Ысык-Көл 2024" экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жети документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен белгилүү болду.

    Маалыматка ылайык, анын ичинде уставдык капиталы 1 млрд доллар болгон инвестициялык фонд түзүү тууралуу меморандум бар. Документке Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытайдын Nanjing Huajin Bureau Asset managment CO компаниясынын жетекчилиги кол койду.

    Ошондой эле Казарман ГЭСин куруу, курулуш материалдарын өндүрүү боюнча кызматташтык жана башка жалпы жети меморандумга жетишилди.

    Бүгүн, 10-сентябрда уюштурулган "Ысык-Көл 2024" экономикалык форумунда энергетика, айыл чарба, өндүрүш, саламаттык сактоо, билим берүү, мейманкана жана туризм, архитектура жана курулуш, маалыматтык технологиялар, логистика жана ташуу тармактарында кызматташтык маселелери талкууланды.

    Иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн ишкерлери катышты.



     

     


    Тектеш материалды окуу