akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-02-10, 08:45

    Кыргыз-тажик чек ара маселеси Тажикстанда талкууланды

    Согд облусунун Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулаган жана бул боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоону улантуу жагынан конкреттүү тапшырмалар берилди.

    Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. Буга чейин мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганы кабарланган.


    Тектеш материалды окуу