Жарыяланган
2024-25-11, 09:12Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов Бустон шаарында жолугушту.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулаган жана бул боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоону улантуу тапшырмасы берилген.