akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-16-09, 12:32

    Кыргызстанда октябрда бир катар ири бизнес-форумдар өтөт

    Кыргызстандын президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов мекеменин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Күн тартибиндеги биринчи маселе 2024-жылдын октябрь айында Баткенде , Италияда өтүүчү ири эл аралык бизнес-форумдарга, ошондой эле Германияда Кыргызстандын экономика күнүнө карата даярдык көрүү болду. 

    Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы иш-чараларга катышуучулардын саны, ошондой эле кол коюу пландалган документтер, меморандумдар жана В2В жолугушуулары тууралуу маалымат берилди. 

    Мындан тышкары “Каркыра” тоо-ден соолукту чыңдоочу комплекси, "Джунда" мунай иштетүүчү заводу, ошондой эле Бишкек шаарындагы таштандыларды чыгаруу аркылуу электр энергиясын өндүрүү долбоору сыяктуу бир катар маанилүү инвестициялык долбоорлордун жүрүшү талкууланды.

    Жыйындын соңунда Иманов мекемедеги эмгек тартибин сактоо маселесин көтөрүп, кызматкерлердин жоопкерчилигин эскертти.

     

     


    Тектеш материалды окуу