Жарыяланган
2024-29-04, 03:15Мамлекеттик ипотекалык компания Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар насыя алат. “Шариат стандарттары боюнча арзан турак жайды каржылоо” долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлдү.
Насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 7 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Жылдык пайыздык чен 1,5% деп эсептелет.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев белгилегендей, бул долбоорду ишке ашыруу миңдеген муктаж үй-бүлөлөргө ипотекалык насыялоо системасы аркылуу социалдык турак жай алууга мүмкүнчүлүк берет.
“Калкты арзан турак-жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана мамлекет башчынын көзөмөлүндө”, - деди ал.
Эске салсак, шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо боюнча макулдашууга 15-февралда кол коюлган.