akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-28-04, 16:28

    Кыргызстан Кытай баштаган беш өлкөдөн канча картошка импорттогону айтылды

    Кыргызстан быйыл жыл башынан бери 23-апрелге чейин чет жактан  11 миң 733.1 тонна картошка импорттогон. Бул тууралуу "Акчабарга" Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Турсунбек Кубанычбеков билдирди. 

    Өлкөгө импорттолгон картошканын 10 миң 19.7 тоннасы азык үчүн жана 1 миң 733.1 тоннасы үрөн үчүн алып келинген. 

    Кыргызстан азык-түлүк картошканы Кытай, Монголия, Пакистан, Казакстан жана Тажикстандан сатып алган. Картошканын 88,16%ы же 8 миң 833 тоннасы Кытайдан, Монголиядан – 467, Пакистандан – 419.2, Казакстандан – 231.5 жана Тажикстандан – 69 тонна импорттолгон. 

    Үрөн үчүн импорттолгон картошканын 64.7%ы же 1 миң 122 тоннасы Пакистандан сатып алынган. Ошондой эле Нидерланддан – 318, Германиядан – 221, Кытайдан 72.1 тонна ташып келинген.  

    Ошол эле учурда Кыргызстан үч айда чет жакка 17 миң 17.5 тонна картошка экспорттогон. Анын ичинен 16 миң 894,5 тоннасы азык-түлүк картошкасы, 123 тонна үрөн картошкасы болгон. Кыргызстан картошканы Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрүнө саткан.


    Тектеш материалды окуу