Жарыяланган
2024-19-11, 13:142024-жылдын сегиз айында (январь-июль) Кыргызстандан 639,4 миллион долларга 8,7 тонна алтын экспорттолгон, сентябрда экспорт 33,5%га өсүп, 11,3 тоннаны түзүп, жалпы көлөмү 853,9 миллион доллар болгон.
Сентябрь айында алтын экспорту Улуу Британияга гана жүргүзүлсө, бир айдын ичинде алар дээрлик 3 тонна алтын сатып алып, жыл башынан бери сатылып алынган көлөмдү 8,5 тоннага жеткирген. Ал эми алтындын жалпы баасы 606,1 миллион долларды түзгөн.
Өз кезегинде Кытай жыл башынан бери 129,4 миллион долларга 1,8 тонна, Швейцария 63,5 миллион долларга 971,5 килограмм алтын сатып алган. Август айында Бириккен Араб Эмираттарына жеткирүүлөрдүн көлөмү 881 миң долларга 13,5 килограммды түздү.
Эске салсак, 2021-жылга чейин Улуу Британия кыргыз алтынынын негизги сатып алуучусу болгон. Бирок канадалык “Центерра” менен Кыргызстандын ортосундагы “Кумтөр” кени боюнча талаш-тартыштан кийин кен республикага өтүп, баалуу металлды жеткирүү токтотулган. Анын ичинде белгилүү бир мезгилге чейин Кыргызстан ишенимдүү жеткирүүчү статусунан ажыратылган. 2022-жылы өлкө өзүнүн Good Delivery статусуна ээ болуп, алтынды чет өлкөгө жеткирүүнү калыбына келтирди, бирок баалуу металл боюнча Улуу Британия менен соода алакасы үзүлгөн.