Жарыяланган
2024-19-11, 16:20Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатынын реконструкциялоо иши ийгиликтүү аяктап, кубаттуулук 60 МВтка көбөйдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Аталган ГЭСтин №1 гидроагрегатын реконструкциялоо иши 2024-жылдын март айында башталып, долбоорду GE Hydro компаниясы ишке ашырды.
Токтогул ГЭСи - Нарын дарысындагы эң ири гидроэлектростанция, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жайгашкан. Суу сактагычынын көлөмү 19,5 млрд м3, мурда (реконструкцияга чейин) кубаттуулугу 1200 МВтты түзүп, ар бир гидроагрегаттын кубаттуулугу 300 МВттан болгон төрт агрегаттан турган.
Эске салсак, буга чейин станциянын эки гидроагрегаты жаңыланып, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 120 МВт кошулган. Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСде 1-ГА реабилитациялоодон өтүп, дагы 60 МВт кошулду.
Жалпысынан Токтогул ГЭСинин 3 ГАсы реконструкцияланып, 180 МВТ кошулду. Алдыга коюлган планга ылайык, төртүнчү ГАны реконструкциялоо иши 2025-жылы башталат. Модернизациялоо долбоору аяктаса ГЭСке жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулуп, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат деп күтүлүүдө.