Жарыяланган
2024-03-12, 15:41Мыктыбек Абиров Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти болуп дайындалды.
Бул Кыргыз фондулук биржасынын президентинин милдетин аткаруучу Аида Чодулованын № К-37 буйругуна ылайык болгон.
Жаңы вице-президент эми биржанын иштешинин негизги маселелери менен алектенет.
Белгилеп кетсек, Мыктыбек Абиров буга чейин Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.