Жарыяланган
2025-06-03, 09:422024-жылы 7,1 миллион калкы бар Кыргызстанга 8,6 миллион турист келген, бул киши башына 1,2 турист туура келет дегенди билдирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев ITB Berlin 2025 туристтик көргөзмөсүндө билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын 12 туристтик компаниясы катышты.
"Чет элдик туристтерди тартуу негизги милдет. Туристтердин Кыргызстанда көп болушуна жана бул жерде көп акча коротушуна кам көрүшүбүз керек”, - деди Өмүрбек Текебаев.