Жарыяланган
2025-06-03, 12:22Кыргызстандагы 960 айылдын тургундары таза сууга муктаж. Бул тууралуу 24 агенттигине Суу менен камсыздоону жакшыртуу мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 258 айылда таза суу системасын куруу жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Ал эми калган 960 калк жашаган түйүндө суу чыгарууга 1 миллиард доллар талап кылынат.
Бул маселени чечүү максатында Азия, Евразия жана Ислам өнүктүрүү банктары, Сауд өнктүрүү фонду жана башка эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.