Жарыяланган
2024-23-11, 11:11Ош облусунун алты айылы таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактагы Ак-Жай, Кичи-Каракол, Кыр-Кол, Кара-Шоро, Арпа-Тектир, Боз-Караган айылдарында таза суу чыкты.