Жарыяланган
2025-14-01, 10:00Кыргызстанда чет элдик жарандарга виза берүүнүн айрым жол-жобосу өзгөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөлүктөр ыкчам кызмат көрсөтүү тарифин тандаган маалда алардын арызы келип түшкөндөн кийин 24 сааттын ичинде визасы даярдалат.
Ал эми буга чейин колдонулган "ишкердик", "туристтик", "тоо туризми" категорияларындагы визалар жоюлат.
Бир жолу же көп жолу кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк берген 90 күнгө чейинки мөөнөткө "Сапар визасы” деген жаңы виза даярдалат. Бул 22-январдан тарта "Электрондук виза" порталында жеткиликтүү болот.
Толук маалымат үчүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине кайрылса болот.