Жарыяланган
2024-30-12, 17:25Кыргызстанда 17 жаңы өнөр жай жана инфраструктуралык объектилер ачылды.
Министрлер кабинетинин билдиришкендей, алар өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан.
Ишканалар экономиканын түрдүү тармактарын, анын ичинде өндүрүш, курулуш, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүүнү камтыйт. Бул объектилердин ачылышы жаңы жумуш орундарын түзүүгө гана шарт түзбөстөн, ички рынокто өндүрүш көлөмүн да бир топ жогорулатат деп күтүлүүдө.