Жарыяланган
2024-26-10, 11:22Кыргызстанда калкты каттоо жана документтештирүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн “Кызмат” мамлекеттик ишканасы түзүлдү.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, жаңы ишкана президенттин Иш башкармалыгынын карамагында жана “Инфоком” ишканасынын укук улантуучусу катары иштейт.