akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-19-09, 09:15

    «Коопсуз шаар» долбоору ИИМге өттү

    “Коопсуз шаар” долбоору Ички иштер министрлигине өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. 

    Ага ылайык, Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болду. 

    Эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги 10 күндүн ичинде ИИМге “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын өткөрүп берет. 

    Эске салсак, Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөгөн долбоор 2019-жылы иштей баштаган.


    Тектеш материалды окуу