akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-24-09, 18:00

    Үчүнчү Элдик курултай декабрда өтөт

    Үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 

    Иш-чарага 700 делегат чакырылды. 

    Эске салсак, “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1 миң 70тен 700гө азайтылган. 

    Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн.


    Тектеш материалды окуу