akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-06-05, 08:20

    Кыргызстанда 388 миңден ашык адам жөлөкпул алат

    2024-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 388,8 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, анын ичинен 278,8 миң – балдар, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучулар.

    "Калктын кирешесинин, эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылга салыштырмалуу "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган балдардын саны 44,9 миң адамга азайды", - деп айтылат маалыматта.

    Белгиленгендей, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулунун орточо өлчөмү 1 миң 392 сомду түзөт.