akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-06, 07:17

    Өлкөдө 77 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф төлөйт

    Кыргызстанда аз камсыз болгон 77 миң 361 үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, айына 700 кВт / саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50 тыйынды түзгөн, ал эми 2024-жылдын июнь айынан баштап 55,4 тыйынга арзандатуу каралган.

    Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеңилдетилген тарифтерди албай жатышынын негизги себеби – ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеке эсептердин жоктугу, ошондой эле электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр ( электр зымдары жок курулуштарда, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө) болуп саналат.

    1-майга карата “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 81 508 үй-бүлөнү түзөт.