akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-22-08, 11:34

    Кыргызстанда эң жогорку маяналуу жумуштар айтылды

    Кыргызстанда тоо-кен жана маалымат-коммуникация тармагында иштегендер эң көп айлык алышат. Алардын орточо айлык акысы 63 миң сомдон ашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

    Маалыматка ылайык, андан кийин каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштегендер 62 миң 935 сом, өндүрүш тармагында 52 миң 500 сом алат. 

    5-орунда мамлекеттик башкаруу жана коргонуу кызматкерлери, алардын орточо эмгек акысы 47 миң 837 сомду түзөт. 

    2024-жылдын январь-июнь айларында ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык чегерилген эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 35 миң 298 сомду түздү. 

    Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий алмашуу курсунун негизинде 2024-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 397,6 долларды түздү.