akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-28-06, 10:26

    Кыргызстанда пенсия эки этап менен көтөрүлөт

    1-июлдан тарта Кыргызстанда пенсиянын минималдуу өлчөмү 3 миң 500 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев президенттин катышуусунда пенсияны жогорулатуу маселелерине арналган жыйында билдирди.

    Ал жогорулатуу эки этап менен болорун айтты. 

    “Экинчи этап 2024-жылдын 1-октябрында болот. Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%, бирок 1 миң сомдон кем эмес жогорулатылат. Кошумча компенсациялык төлөмдөр минималдуу пенсияны 6 миң 900 сомго чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет, бул пенсионердин жашоо минимумуна жетет”, - деди ал.

    Бул максаттарга кошумча 20 млрд сом бөлүнөт. Анын 3 млрд 140 млн сому – пенсиялык фонддон, 787 млн сому – республикалык бюджеттен. Ошол эле учурда акыркы үч жылда пенсияны жогорулатууга 60 млрд сом бөлүнгөн.

    Бактияр Алиев 2021-жылдан бери жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 49%га кыскарганын белгиледи. 2024-жылдын октябрынан тарта бул көрсөткүч толугу менен жоюлат.