akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-08-07, 05:00

    Жарым жылда 33,7 миң адамга пенсия дайындалды

    Быйыл январь-июнь айларында Социалдык фонд 33 миң 772 жаранга пенсия дайындады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди. 

    Маалыматка ылайык, июнь айында 2 миң 813 жаранга пенсиялар кошумча дайындалды, 633 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы, билими жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтер боюнча пенсиялар кайра эсептелди.